5-майда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет түзүлдү. Ага Өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Динара Кутманова жетекчилик кылат. Экологиянын бузулушу – бүгүнкү күндүн орчундуу көйгөйлөрүнүн бири. Учурда өлкөдөгү мөңгүлөрдүн эриши, шаарларды кара түтүн капташы, суулардын соолушу табигый экологиянын жоголуп баратканынан кабар береби? Түзүлгөн комитет экология тармагында иш алып барууда кандай максаттарды көздөйт?
Экологиялык кризис – Кыргызстандын эле эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйлүү маселеси. Экологиянын булганышынан 2015-жылы дүйнө жүзүндө 9 миллионго жакын адам каза болгон. Ал эми Кыргызстанда жыл сайын 14% адам экологиянын булгануусунан көз жумат.
Жаңы түзүлгөн Экология жана климат комитетинин директору Динара Кутманова бул мекеме эми экологияга көңүл буруу үчүн ири стратегиялык программа иштеп чыгарын билдирди.
— Бул үчүн атайын стратегиялык программа түзүп, үстүнөн иштейбиз. Артыкчылык иретинде 5-6 максатты алдыга коебуз. Түтүн, токой чарбаны реформалоо, климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, «Кумтөр» маселеси, кен байлыктарды кандай жолдор менен пайдалануу, көлдөрдүн айланасын жана таштандыларды иретке келтирүү ж.б. экологиялык бузуулардын үстүнөн иштейбиз. Ушул турушта кетсек, көлдөрүбүздөн айрылып калышыбыз ыктымал. Мамлекет тарабынан кошумча каражат бөлүнбөйт. Бюджетке эч кандай жүк болбойт. Мурда аткарып келген кызматтарыбызга жетишсиз функцияларды киргизебиз.
Кыргызстан табигый жаратылышын сактап калган өлкөлөрдүн катарына кирет. ЮНИСОН экологиялык коомдук фондунун директору Нурзат Абдрасулованын пикиринде, табигый жаратылышыбыз жок болуп кетүү астында турат. Жаныбарлар, өсүмдүк түрлөрү, мөңгүлөр жана бийик тоолор көбүрөөк табигый экологиянын сакталып калышына мүмкүнчүлүк түзөт.
— Азыркы учурда климаттын өзгөрүшү чоң коркунуч жаратууда. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга да олуттуу таасир тийгизет. Температуранын көтөрүлүшү – мөңгүлөрдүн тез ылдамдыкта эришине себеп болот. Мезил да убагында болбой, жылышып жатат. Окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрүнө таянсак, температуранын көтөрүлүшү, күндүн ысышы орто эсеп менен 4 градуска чейин болот. 10 жыл мурун жайында мээ кайнаткан ысык 1 жумадай болсо, азыр 1 айга чейин уланып жатат. Кышында кардын аз жаашы, мөңгүлөрдүн эриши же суунун кургашы да ушул нерседен көз каранды. Өлкөдөгү суунун азайышы, экономикабызга да зыян келтирүүдө.
Бузулган экологияны калыбына келтирүү үчүн экономикалык жактан көп өлчөмдөгү каражат талап кылынат. Мындан сырткары жаратылыш өзүнүн табигый касиетин жоготот. Түтүн, таштанды, сууну пайдаланууда, жерди органикалык заттар менен жакшы пайдаланууда, жаратылыштагы түрдүүлүктү сактап калууда ж.б. көйгөйлөр бар. Экологиядагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандагы экологиялык саясатты артыкчылык катары көрүшүбүз керек. Табигый экологиядан айрылып калсак, калыбына келтире албайбыз.
Климаттык социолог Жамиля Жээнбаева өлкөдөгү сууларды таза иштетүү, туура бөлүштүрүү жана сактоо боюнча атайын мамлекеттик деңгээлдеги программа же стратегия кабыл алынышы керектигин айтат.
— Суунун азаюусунун бир нече себептери бар. Суунун булганышы, агын сууда микробдун көбөйүшү адамдарга да зыянын тийгизет. Элди да, экономиканы да курч кризиске алып келет. Сууну электр энергиясы жана ирригацияга колдонобуз. Ошондой эле тирүү жандардын, адамдардын күнүмдүк тиричилигине пайдаланылат.
Дүйнөлүк эксперттер экологиянын булгануусунун ар кандай себептерин атап келет. Алсак, завод-фабрикалардын көбөйүшү, кышкысын көмүр жагуу, унаалардан чыккан түтүн, желим буюмдарды өрттөө же желим таштандылар сыяктуу бир нече факторлор бар.