Биз менен байланышыңыз

Байтерек президентке суроо берген жаштар тууралуу үн катты

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 1998 | 0

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Баткенде өлкө башчынын эл менен жолугушуусунда ага суроо берген эки жигит тууралуу маалымат таратты.

Ал Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүдө президенттин эл менен жолугушуусунда белгисиз жаштар пайда болуп, кырдаалды козутууга аракет кылышканын айтты. Ошондой эле азыр «хайп» кыла турган убак эмес экенин белгиледи.

«Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтышып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү. Азыр «хайп» кыла турган убак эмес, эң маанилүү маселе — чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалдын бирото кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү, алардын муктаждыктарын чечүү, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү милдеттери турат. Элибиз өздөрүн коопсуз сезиши керек. Бул багытта иштер жигердүү жана масштабдуу жүргүзүлүп баштады», — деди Галина Байтерек.

Ал ошондой эле Тажикстан менен чек арада болгон акыркы окуяларда жабыркаган баткендиктер менен жолугушууну пиар үчүн же публика үчүн болгон жок деп айтты. Садыр Жапаров баткендиктер менен ачык сүйлөшүү, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйлүү маселелерин угууну каалаган.

«Албетте, бул жолугушуу оңой болгон жок. Бардык эмоцияларды эле көрсөтүп, бардык кайгы-капалар жалпы элге чыгарылбашы керектигин түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ошону менен бирге бардык эле адамдар, анын ичинде мындай кыйын кырдаалды башынан өткөргөндөр видеого түшүүнү каалашкан жок, көптөгөн журналисттердин көз алдында камералардын астында ачылып сүйлөй да алышмак эмес«,-дейт ал.

Президент 6-майда Баткен облусуна болгон иш сапарында кыргыз-тажик чек арасындагы болгон жаңжалда жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушту. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарына, элге сүрөт, видео тартууга уруксат берилген эмес.

Анда Садырбек Саматов жана Элдияр Жээналиев аттуу жигиттер президентке суроо беришкен. Бирок аларды чагымчылдыкка айыптап, жөөлөп кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM