Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Молдокматовдун баш коргоо чарасы аныкталат

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 438 | 0

Бүгүн, 7-майда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралат.

Ал 6-майдын кечинде Октябрь  окуялары боюнча Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Молдокматовго Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылып жатат.

7-майда саат 10:00дө ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүүүсү уланат жана баш коргоо чарасы каралат.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Бирок ал одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан көптөгөн саясий партиялар жыйынтыгын тааныган эмес жана нааразылык акциясына чыгышкан. Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрь күнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, Ак үй басып алынган. Натыйжада бийлик алмашкан.

Ошол кезде түрмөдө жаткан бир топ саясатчы эркиндикке чыккан. Анын катарында азыркы президент Садыр Жапаров да бар болчу.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов — ошол парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандардын бири.

Copyright © 2017 Maral FM