Биз менен байланышыңыз

Тажикстан чек ара боюнча протоколду жарыялады

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 12202 | 1

Тажикстан Кыргызстан-Тажикстан чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынган макулдашуусун жарыялады. Бул маалымат Тажикстандын «Ховар» улуттук жаңылыктар агенттигине жайгаштырылды.

Анда тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын №43 чек ара аймагынан тарта №61 чек ара аймагына чейинки, №135 чек ара аймагынан тарта №141 аймакка чейинки тилкеси боюнча долбоордук сызык үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү боюнча жана паритеттик комиссиянын 1989-жылдагы документтерин пайдаланууну чечишти.

Ал эми топографиялык жумушчу топко 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аталган аймактардагы долбоордук сызыкты сүрөттөө тапшырмасы берилди.

Муну менен бирге эки тараптын жумушчу тобу 2021-жылдын 17-майына чейин Тажикстандын Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача аймагы, Исфара шаарындагы Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдары, Кыргызстандын Лейлек районундагы Лейлек Максат, Кулунду калктуу пункттары, Баткен районундагы Көк-Төш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдары боюнча мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгы жана топографиялык иштерди жүргүзүүнү баштайт.

Жарыяланган протоколдо жазылгандай, эки тарап Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашкан. Капчыгай (Танги) айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

«Ховардын» маалыматына ылайык, мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынган. Жол Кыргызстан менен Тажикстандын эсебинен курулат, ал эми автожолдун макамы эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат.

Автожолдун курулушун дароо баштоо боюнча топографиялык жумушчу топторго долбоорлоо уюмдары менен кошо 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районундагы пайдаланылган жер тилкелерин изилдөө тапшырмасы берилди.

Эки тарап Ворухтун аймагын тактоону жогоруда айтылган «Кожалы (Хожаи Аъло) — Ворух» жолунун курулушу бүткөндөн кийин киришүүнү макулдашкан.

Кыргызстандын бийлиги Тажикстандын бул расмий билдирүүсү жана «Кожалы-Ворух» жолун куруу макулдашуусу тууралуу маалымат бере элек. Ошондой эле протоколдун мазмуну боюнча да расмий билдирүү жасалган жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

Эскерте кетсек, 28-апрелде «Головной» башкы суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп, андан улам нааразычылыктар пайда болуп, куралдуу кагылышуулар мына ушул жерден тутанган. 29-апрель күнү тажик тарап ок чыгарып, аскердик оор техникалары колдонулган.

Акыркы маалыматтарга караганда, тажик тараптын аскердик кол салуусунан жалпы 189 кыргыз жараны жабыркап, 36 киши набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусун аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркап, жараксыз абалга келген. Тажик бийлиги 19 тажикстандык каза тапканын ырастады.

1-2-май күндөрү эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Согди облусунда жолугушуу өткөргөн. Анын негизинде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара кызматтары, бул аймактан чек арачыларын алып кетишкен. Учурда бул аймакта ички иштер кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап турат.

«Ховар» мамлекеттик агенттиги жазгандай, эки тарап кийинки жолугушууну Тажикстанда өткөрүүгө макулдашкан.

1 пикир

1 пикир

  1. Кабир

    07.05.2021 01:33

    Ассалам алекум урматтуу туугандар! Айрыкча атка минерлер мен сиздерден Мургаб менен бирге Жерге-Тал районунда кайтарып берүүсүн талап кылууңуздапды өтүнөт элем.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM