Биз менен байланышыңыз

15-майда Ысык-Көлдө “Run the Silk road — SCO» эл аралык марафону өтөт

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 379 | 0

15-майда Чолпон-Атада Кыргызстандын эл аралык Ысык-Көл «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-марафону өтөт.

Иш-чара Дүйнөлүк женил атлетика уюмунун шарттарына ылайык, антидопингдик эрежелердин негизинде эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлмөкчү.

Марафондун калысы – КР Жеңил атлетика федерациясы. Чуркоо саат 08:00дө Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Байге фонду 1 млн 44 миң сом (42, 21 км дистанцияларына гана берилет).

Эл аралык марафонго профессионал спортчулардан тартып, жөн гана ышкыбоздор да катышса болот.

Учурда иш-чарага 3 миңге чукул адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Марафонго катышуу үчүн байланыш номери: +996 312 88 64 10, +996 778 916 858

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM