Биз менен байланышыңыз

Президент: Билим берүүдө ваучердик системаны ишке киргизебиз

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 608 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү кайрылуусунда өлкөдөгү жалпы билим берүү системасын реформалоо зарылдыгын белгиледи.

Ал Кыргызстандын жаңы өнүгүү стратегиясында экономикалык муктаждыктарга ылайык келечегин жаңы билим берүү системасын түзүү тапшырмасын берди.

«Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына жараша жөндөмгө жана билимге ээ болушу шарт. Инновациялык технологияларды колдонуу менен мектепке чейинки билим берүү рыногун өнүктүрүү зарыл. Салттуу балдар бакчалары менен катар, балдарды өнүктүрүү борборлорун ишке киргизүү керек. Адистештирилген кыргыз лицейлерин түзүү менен, өзүбүздүн улуттук моделибизди издейбиз. Билим берүү тармагын толук реформалап, ар бир баланы жетишкендигине карап каржылоого өтүү, тактап айтканда ваучердик системаны ишке киргизүү керек», — деп белгиледи өлкө башчы.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 5-майда Кыргызстанда жаңы баш мыйзамга кол коюлуп, күчүнө кирди. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Өлкөгө ваучердик системаны киргизүү шартпы?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM