Биз менен байланышыңыз

Жапаров Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылат

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 737 | 0

Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасайт.

Башмыйзамдын жаңы редакциясы быйыл 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өкмөт, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Саат 10:00дө баштала турган иш-чараны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдары түз эфирде көрсөтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 79,09% шайлоочу «макул» добушун берди, 13,83% шайлоочу «каршы» добушун берген.

Кыргызстандын юристтери, саясатчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү жаңы Конституция кабыл алынса, бийлик бутактарын президенттик институттун алдына чогултуп, бийликти бир адамдын колуна берүү сыяктуу чоң коркунуч бар экенин эскертип келишти.

Мындан тышкары бийлик бутактарындагы тең салмактын жоктугу, өзгөчө парламент, өкмөттүн өз алдынчалыгын жоготуп коюу тобокелчилиги орун алары белгиленди. Ошондой эле адам укугу менен эркиндигине карата коркунуч жаралып жатат деген кабатырлануу айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM