Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылууда

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 467 | 0

Бүгүн, 4-майда саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн түндө кандайдыр бир окуя жана ок атышуулар катталган жок.

«3-майдан бери Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар бүтүндөй кыргыз-тажик чек арасын кайтарууда. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Башкы прокуратура: Тажик тараптын аракети аскердик агрессия катары бааланат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM