Биз менен байланышыңыз

4 айда 12 млрд сом бажы төлөмдөрү чогулган

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 462 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү иш жүзүндө 12,181 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда түшүүлөр 288,4 млн сомго жогорулап, өсүү темпи 102%ды түздү, 2020-жылдын 4 айына карата 4,803 млрд сомго жогорулады же өсүү темпи 165,1%ды түздү.

Экономика жана финансы министрлиги белгилеген пландык көрсөткүчтөр 85,8%га аткарылды (2021-жылга жылдык план көрсөткүчү 2019-жылга карата өсүү темпи 111,8%, 2020-жылга карата өсүү темпи 167,4% менен белгиленген).

Ал эми ушул жылдын апрель айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү иш жүзүндө 3,753 млрд сомду түздү. Экономика жана финансы министрлиги белгилеген пландык көрсөткүчтөр 83,6%га аткарылды.

2019-жылдын апрель айы менен салыштырганда түшүүлөр 381 млн сомго жогорулады, же өсүү темпи 111,3%ды түздү, 2020-жылдын апрелине карата 2,208 млрд сомго жогорулады, өсүү темпи 242,9%ды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM