Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Баткенге медкызматкерлер жана медкаражаттар жеткирилди

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 421 | 1

Акыркы эки күндө Бишкектен Баткенге 4 атайын аба каттамдары “Тез Жет” авиакомпаниясы тарабынан аткарылган. Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева брифинг учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, 29-апрелде 2 бригададан турган медкызматкерлер, бардыгы 107 адам жана медкаражаттар Бишкек – Баткен каттамы аркылуу  жетикирилген

Абдралиева, кайра 106 адам Бишкекке алынып келгенин билдирди. Анын айтымында, ошол эле күнү атайын каттам менен 3 бригададан турган медкызматкерлери учуп кеткен.

“Ал эми Исфанага 2 миң тоннадан турган гумжардам жөнөтүлгөн. Кечээ Бишкек – Исфана каттамы менен медкызматкерлерден турган 2 бригада, бир тонна гумжардам жөнөтүлүп, кайра артка жарандар учуп келген. Мындан сырткары, Баткен аэропотуна 22 тонна керосин жөнөтүлгөн”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

1 пикир

1 пикир

  1. Жеңиш

    01.05.2021 16:15

    Кыргыз элим башыбыз бириктирели.күч бирдикте эли журт ойгон.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM