Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Кольцо айылы тарапка тажиктер көзөмөл коюуга аракет кылууда

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 2032 | 0

Лейлек району менен Сүлүктү шаарын байланыштырган Кольцо айылындагы стратегиялык Бишкек-Ош жолуна тажик тарап көзөмөл орнотууга аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Аталган жол Тажикстандын Коргончо айылына жакын жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында ал жерге куралданган эки тажик аскери чыгып чуңкурларды каза баштаган.

Эгер жогоруда аталган жолду Тажикстан көзөмөлгө ала турган болсо Лейлек районунун 20га чукул айылы менен райондун борборуна болгон байланыш үзүлөт.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM