Биз менен байланышыңыз

Баткенге Кыргызстандын бардык аймактарынан жардамдар жөнөтүлүүдө

Коом , Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1083 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам Баткендеги айылдардын тургундары үйлөрүн таштап, жер которууга мажбур болушту. Азыркы учурда алар чек арадан алыс жайгашкан аймактарга көчүрүлдү. Облустук органдар, коомдук бирикмелер, фонддор жана карапайым элдин арасынан чыккан кайдыгер эмес адамдар тарабынан ар кандай, керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. 

Учурда Баткен эли оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан кези. Аларга жардам көрсөтүү максатында «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду кечээ, 29-апрелде атайын эсеп ачкан. Кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбеков азыркы учурда эсепке 74 миң сом түшкөнүн билдирди. Жардам жөнөткөндөрдүн катарында Америкада иштеген мекендештер да бар.

— Биздин фонддун Оштогу филиалы Баткен облусуна 1 унаа гуманитардык жардам жеткирип берди. Түштүк аймактагы кызматкерлерибиз учурда ар кайсы айылдардан Баткен шаардык мектептерине, мейманкаларына эвакуацияланып келген үй-бүлөлөргө жардам берүү иштерин жүргүзүп жатат. Кичинекей балдарга жалаяк, жарандарга тамак-аш жана медициналык жактан керектелүүчү каражаттарды жөнөтүп жатабыз.

«Элим барсыңбы?!» коомдук фондунун Кызыл-Кыядагы бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Курбаналиев учурда Баткен облусунда жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчылардын катарында иш алып барууда. Курбаналиев учурда мектеп, мейманкана, бала бакчаларда 100гө чейин адам жайгаштырылганын билдирди.

— Түнү менен жол жүрүп жетип келдик. Облустук администрацияга кирип чыктык. Кандай жардам керек экенин сурадык. Бүгүнкү күндө тамак-аш жагынан муктаждыктар болуп жатат. Ушул жагынан жардам берип баштадык. Эртең менен 100дөй адамга таркаттык. Кечки ооз ачууга жана эртең мененки ооз бекитүү үчүн да тамактарды даярдап жатабыз.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова 29-апрель түнү Талас облусунан 7 дарыгер өз каалоосу менен Баткен облусуна медициналык жардам көрсөтүү максатында жолго чыкканын айтты.

— «Башка аймактардан жардам керек» деген кайрылуудан кийин Таластан бир нече дарыгер өз ыктыяры менен Баткенге барууну көздөгөн. Тилекке каршы, азыркы пандемия шартында өзүбүздүн ооруканаларга да дарыгерлер керек болгондуктан, арасынан 7 дарыгер Баткенге кетти. Бүт жогорку билимдүү, күчтүү, көп жылдан бери медициналык тармакта эмгектенген врач-хирург, травматолог, реаниматолог дарыгерлерибиз түнкү саат 01:00дө Баткенди көздөй жолго чыгышты.

Ош шаарынын 200дөн ашуун тургуну түнү менен чогулуп, Ош драм театрынын астына боз үй тигип, «Элдик жардам» аттуу демилге менен каражат топтоп, Баткенге биринчи жардамын бүгүн эртең менен жөнөттү. Аталган демилгенин активисттеринин бири Улан Самат уулунун айтымында, гуманитардык жардам эвакауция болгон жана чек арада турган аскерлерге азык-түлүк иретинде таратылып берилген.

— Биздин эч бир уюмга тиешебиз жок. Ош шаарында жашаган, мекен үчүн күйгөн жарандардын арасынан топтолуп чыктык. Учурда Баткен облусундагы активисттер менен сүйлөшүп жатабыз. Аларга жаш балдардын кийимдери керек болуп жатканын айтышты. Үйдөн качып жаткан кезде бардык оокатын таштап, жадагалса, балдарынын бут кийими жок, отурган жеринен үйдөн чыгууга аргасыз болгон жарандарыбыз бар экен. Кийинки гуманитардык жардам унаасы менен кийим-кече, бут кийимдерди жөнөткөнү даярданып жатабыз. 

Бишкек шаарында Рыскулов-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде атайын гуманитардык жардам чогултулуп, Баткенге жөнөтүлүп жатат. Борбордун тургундары жардамын ушул жерден да берсе болот.

Ошондой эле Өкмөттүн аппараты баштаган бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын атайын Баткенге которушту.

30-апрелде Республикалык кан борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Өкмөттүн алдында «Баткенге жардам» штабы түзүлдү. Штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгаштырылып, көмөккө келген ыктыярчылар Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалаган жарандардан гуманитардык жардам кабыл алууну жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-апрель күнү кечинде Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM