Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы чырда 13 жаран каза болду

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1152 | 0

Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны 13кө жетти.

Ал эми чырдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны — 134.

Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Чек арадагы жаңжалда 12 жаштагы кыз каза болду

Copyright © 2017 Maral FM