Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы жаңжалда 12 жаштагы кыз каза болду

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 4371 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда 3 адам каза болду, анын бири 12 жаштагы кыз экени айтылды.

Маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тастыктады.

Эки адам Баткен районунда, бир учур — 12 жаштагы кыз Лейлек районунда каза болду.

Ооруканага жалпы 51 адам жеткирилген. Учурда Ош жана Бишкектен медициналык жардам барып, кошумча орундар түзүлдү.

29-апрелде Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен аткылашты.

 

Copyright © 2017 Maral FM