Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши куралдуу жаңжалдан жергиликтүү тургундарды коргоого чакырды. Согуш жүрүп жаткан аймактарда калктын аман калышына шарт түзүү үчүн аларга тамак-аш, суу жана медициналык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин 26-апрелде өткөн онлайн жыйынында Марк Лоукок билдирди.
Ал Йемен, Сирия, Тыгра, Түштүк Судан, Украина жана Нигерия өлкөлөрүндө жарандарга карата мыйзам бузуулар көп болорун айтты. Ошондой эле азык-түлүк запасына жана азык-түлүк инфратүзүмүнө кол салууга жол берилбей турганын кошумчалаган.