Connect with us

Юрист: Окуучунун жоолугун чечтирүү — ишеним укугун чектегенге барабар

Коом , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 1300 | 0

Ушул жылдын 26-январында Билим берүү жана илим министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы мектептердеги форма боюнча чечим кабыл алган. Бул чечимди Өкмөт токтом менен бекитип, анда баш кийимдин беш түрүнө: калпак, жоолук, орогуч, бандана, ободокко уруксат берилген. Бирок ага карабастан, айрым мектептерде жоолук салынган окуучу кыздарды киргизбей койгон учурлар катталып келет.

23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы №66 Ленин атындагы орто мектебининин кароолчусу жоолукчан окуучуну мектепке киргизбей жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады.

Мектепте буга чейин эле жоолук маселеси боюнча көйгөйлөр жаралып келген. Атын атоону каалабаган 9-класстын бүтүрүүчүсү тыюу салууга карабай, жоолукчан сабакка катышып жүргөн. Кысым күчөй бергенинен акырында башка мектепке которулууга мажбур болгон.

«Жоолуктарыбызды себепсиз чечтирет эле. Директор: «Устав боюнча үстү ак, асты кара форма болушу керек, бул жоолук биздин формага кирбейт», — деп айтчу. 2017-жылы 9-класста окуйт элем. Кайра-кайра чечтире берген. Мен такыр чечпейт болчумун, ошонун айынан сабактарга катышпагам. Атам да барып, бир топ жолу ушул маселени көтөргөн. 9-классты бүтүргөн соң, коңшу мектепке которулуп кеткем».

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев министрлик жоолукка тыюу салбаганын айтты.

«Кара-Суу шаарында болуп өткөн окуя боюнча мамлекеттин тиешелүү органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Жалпы Кыргызстандын ичинде жоолук оронууга тыюу салуу жок. Биз адамдардын, алардын ичинен окуучулардын укугун, эркиндигин коргогон мамлекеттердин катарын толуктайбыз».

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында дептут Айбек Осмонов жоолук көйгөйүн көтөрүп, ушул маселени күн тартибине киргизип коюуну суранды.

«Бүгүнкү күндө үрөй учурган көрүнүштөр катталып жатат. Кара-Суудагы мектептерге жоолукчан окуучу кыздарды сабакка киргизбей жатат. Мындан сырткары жер-жерлерде да ушундай окуялар көбөйүп жатат. Ушул маселени көтөрүп, Билим берүү жана илим министрлигин, ИИМди суракка чакыралы. Эмне себептен киргизбей жатканын аныктайлы».

Ал эми укук коргоочу Эржан Кайыпов Кара-Сууда болуп өткөн окуяга юридикалык баасын берди. Анын айтымында, жоолук – окуучу кыздын диний ынанымдарынын ажырагыс бөлүгү. Андан жоолукту чечүүнү талап кылуу — диний ишениминен баш тартуусун талап кылганга барабар.

«Кара-Суудагы мектепте ушундай окуя катталганы өтө өкүнүчтүү. Бул адам укугун, адамдын конституциялык укуктарынын эркиндиктерин бузуу жана дискриминациялоо болуп эсептелет. Кызга карата анын диний ынанымдары, жынысы, курагы, кийген кийими боюнча бир катар себептер менен укуктарын чектөөгө жол берип жатабыз. Өкмөттүн токтомунда мектеп формасы бекитилген, анда жоолука тыюу салынган эмес. Ошондуктан бул өзүнөн-өзү одоно, орой, адамдын укугун чектөө жана бузуу болуп эсептелет».

Жалпысынан, бул окуяда басмырлоо, зомбулук, министрликтин чечимин аткарбоо, Конституцияны бузуу, Жазык Кодексинин 185-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар ортосундагы тең укуктун бузулушу катталганын белгиледи Эржан Кайыпов.

«Пандемия учурунда мектептерде бирдиктүү форманы талап кылбаган эрежелер киргизилип, министрлик жоолук маселеси боюнча билдирүү таратып, бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнө маалымат жеткирилген. Бул нерсеге эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Бул жерде министрликтин чечимдерин аткарбай, мектеп өзүм билемдик менен өзүнүн чечимин киргизип, күч менен чечтирип жатканы зомбулук катары саналат».

Башмыйзам боюнча да, «Билим берүү жөнүндө» мыйзам боюнча да — жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, майыптыгына, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM