Биз менен байланышыңыз

Бир жылда эттин баасы 27%га жогорулады

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 571 | 0

Эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 %га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата уйдун этине болгон баа өлкө боюнча орточо 450,31 сомду түздү. Ал өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89,11 сомго же дээрлик 25 %га өстү.

Ал эми койдун этинин баасы 449,67 сомду түздү же 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 29 %га өстү.

Аны менен бирге уйдун этине Нарында бир килограммы үчүн 460 сом, Жалал-Абада 458,56 сом,Кербенде 454,97 сом, Бишкекте 454 сом болуп, максималдуу чекене баалар байкалды. Аларга карата минималдуу баалар Исфана шаарында бир килограммы 409,88 сом, Баткен жана Ноокатта 430 сом баада катталды.

Уйдун этине болгон баанын өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу эң жогору Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында 1,3 эсеге өсүшү катталды.

Койдун этине болгон баалар Исфана, Баткен, жана Жалал-Абад шаарларында 1,4 эсеге өстү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM