Биз менен байланышыңыз

Адинай Марипова президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 822 | 0

Адинай Марипова президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кошумчалай кетсек, Адинай Марипова өткөн жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоого «Мекенчил» саясий партиясы менен катышкан. «Мекенчил» саясий партиясы шайлоого Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM