Биз менен байланышыңыз

Кыргыз мигрант Орусиянын Мамлекеттик Думасына талапкер болууда

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1378 | 0

Биринчи жолу кыргызстандык жаран Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутатыкка аттанып жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Зулпидин Нурматов кабарлады.

Кубанычбек Кожоев «Единая Россия» партиясы менен Мамлекеттик Думанын депутаттыгына талапкер болууда.

Учурда саясий партияларга праймериз башталды.

Орусияда жашаган мекендештер Орусиянын Мамлекеттик Думасында кыргыз депутаты шайланса, бул өлкөдөгү миллиондогон мекендештердин укуктары корголорунан үмүт кылышууда.

Мамлекеттик Думага шайлоо быйыл сентябрь айында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM