Биз менен байланышыңыз

«Спутник V» вакцинасын эң биринчи хирург Мамакеев алды

Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1078 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталды. Бүгүн, 23-апрелде алгачкылардан болуп вакцинаны Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу «Маралга» Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.

Кыргызстанга 22-апрелде Орусияда өндүрүлгөн  «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинген.

Өлкөдө 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын 276сына вакцинанын экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Буга чейин COVID-19 илдетине каршы эмдөө Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM