Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү көп жылдан кийин президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталды.
Президент Садыр Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатууну сунуштады. Жаңы тарифтик саясаттын долбоорунда жакыр үй-бүлөлөр жана катаал шартта жашагандар үчүн жеңил тарифтер сакталат. Калган катмарлар үчүн тариф кымбаттайт.
Бишкек шаарынын тургуну Азамат Максатов электр энергиясы үчүн айына орто эсеп менен 400 сомдой төлөйт. Эми жаңы тариф саясаты ишке кирсе, болжол менен 750-800 сом төлөп калат. Бул — ал үчүн ыңгайлуу эле тариф.
— Эл башка нерселерге чыгашаны жакшы эле кылат, анан жарыкка келгенде эле тарифти чоң көрөбүз. Мен мисалы жарыкты колдонгонум үчүн айына эң көп дегенде 400 сом төлөйм. Ага мен муздаткычымды, телевизорумду, аристонумду жана башка бардык нерсени иштетем, ошону менен жашайм. А эмне үчүн мен ага төлөбөшүм керек? Телефон үчүн бир айда 600 сомду оңой эле коротом, интернетке бир айда 1000 сомду төлөйм да. Ошондуктан менин жеке оюмда, электр энергиясынын тарифи өтө жогору эмес, жакшы эле тариф.
Президент Садыр Жапаров электр жарыгына болгон тарифти өзгөртүү керектиги тууралуу пикирин 21-апрелде өкмөт үйүндө өткөн жыйында айтты. Ал энергетика тармагындагы адистер, жетекчилер менен тарифтерди талкуулады. Тариф көтөрүлгөн чакта да энергетика тармагы кризистен 3 жылдан кийин чыгарын айтууда.
Президент айтып жаткан тарифтерди Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев басма сөз жыйынында түшүндүрүп берди.
Жаңы тариф саясатынын долбоору бир нече баскычтардан турат:
Турмушу начар, жакыр үй-бүлөлөргө 74 тыйын болуп, чектөө алып салынат. 110 миң жакыр үй-бүлө бар, бул сан дагы көбөйтүлөт.
Катаал шарттарда жана алыскы аймактарда жашагандар электр жарыгы үчүн 1 сом 04 тыйындан берип, чектөө таптакыр алып салынат. Мындай категориядагы жарандардын саны 187 миңди түзөт.
Калган катмардагылар үчүн электр энергиясын 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок бул катмардагы үй-бүлөлөр кышында суу тартыш болсо, жарыкты 1000 кВт/сааттан ашык колдонсо, 2 сом 29 тыйындан төлөйт.
Жаңы тарифтик саясат август айына чейин коомдук талкууда болот. Андан кийин чечим кабыл алынат.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев басма сөз жыйынында тарифтер эмненин негизинде иштелип чыкканын айтты.
— Коомдук талкуу учурунда ар бир жаран өз сунушун берсе болот. Кээ бир жакшы сунуштар сөзсүз кабыл алынат. Бүгүнкү күндөн баштап долбоор коомдук талкууга коюлду. Тарифтер кандай саналган? Эң негизги маселе — мурунку тарифтик саясаттын кемчилиги.
Муктаж адамдарга чынында эле жардам беришибиз керек. Калгандар экономикалык баага жараша төлөшү керек. Калыстыкты сактоо үчүн үч категория пайда болду. Эгер биз Токтогул суу сактагычына сууну толтурсак, анда 1000 кВт сааттык лимит алынат. Бул тариф 2022-жылдын чыгымдарынын негизинде эсептелген. Ал эми 74 тыйындык тариф 1 сом 48 тыйындын жарымы, ал муктаж жарандарга 50 пайыздык жеңилдетүү менен каралган. 1 сом 04 тыйындык тариф гидроэлектростанциянын өздүн наркы менен саналды.
Мындан сырткары өндүрүш, айыл чарба тармагына 2 сом 38 тыйын, элди таза суу менен камсыз кылган насостук станцияларга 1 сом 48 тыйын, электр энергия менен иштеген коомдук транспортторго 1 сом 68 тыйын, алтын кен комбинаттарына 4 сом 76 тыйындан сунушталууда.
Энергетика тармагы кризисте экени, карызы көп экени ырас. Министрдин айтымында, кыргыз энергетикасынын карызы 129 млрд сомго жетти.
Кубанычбек Турдубаев энергетиканы саясатташтырган аткаминерлер ушул абалга алып келишти деп эсептейт.
— Кыргызстанда энергетика тармагы оор акыбалда. Биздин оюбузча, энергетиканын экономикасын эч кандай саясаттык инструмент менен жөнгө салууга болбойт. Учурда бийлик тараптан электр энергиясын азыркы экономикага шайкеш келтире тургандай сунуштар киргизилүүдө. Ушул жагдай гана энергетиканы саздан алып чыга алат.
Энергетика министри 129 млрд сом карыз эмнеге жумшалганын айтып, ар бир долбоорду жана объектини көрсөтө аларына ишендирди.
Учурда Кыргызстанда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына 77 тыйын төлөнөт, андан ашса 2 сом 16 тыйындан алынат. Бул 2015-жылы бекитилген тариф.
Энергетика маселелери боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев тарифтин көтөрүлүшү суунун аздыгына байланыштуу эмес, чыгымдарды жабуу максатында экенин ырастады.
— Орто мөөнөттүү тарифтик программа деп коёт, муну белгилүү бир убакытка кабыл алуу керек. Баары дароо эле чечилип калбайт. Азыр тарифтер эки эсе көтөрүлүп жатат. Ошондуктан тарифтик саясатты туура кабыл алып, туура жүргүзүү керек. Эртеңки күнү бийлик кандай жумуш кылары да белгисиз. «Азыр Токтогул суу сактагычында суу аз болуп калды, ошонун негизинде тарифтерди көтөрүп жатабыз» деп жатышат, бирок маселе башкада. Энергетика канчантан бери өзүн-өзү актай албай келе жатат. Акыркы он жылдын ичинде тариф өзгөргөн жок. Бул — саясий суроо болуп калды. Ошондуктан маал-маалы менен тарифтерди көтөрсө көтөрүп, же түшүрүп турушу керек эле. Бул — бийликтин кемчилиги.
Токтогул суу сактагычында быйыл 8,5 млрд куб метрдин тегерегинде суу бар. Былтыр суунун көлөмү 11 млрд куб метрди түзүп турган. Энергетика министрлиги суу кооптуу чекке жеткенин айтып, андан чыгуунун бир канча жолун сунуштаган:
Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын алып келүү (товар алмашуу механизми менен);
Бишкектеги ЖЭБдин кубаттуулугун жогорулатып, кошумча электр энергия иштеп чыгуу;
Ички керектөөнү азайтып, суу сактагычка суунун агып кириши менен чыгышын теңдөө.
Казакстан Кыргызстанга быйыл 900 млн кВт/саат электр энергиясын берет. Муну менен ГЭСтеги суу толот. Казакстандан электр энергиясы бекер алып келинип, 3 жылда кайра кайтарылып берилет.
Ушул эле принцип менен Өзбекстандан 750 млн кВт/саат электр энергиясы алынат. Энергетика министринин маалыматы боюнча, натыйжада 628 млн куб метр суу сакталып калат.
Өкмөт суу жетишсиз болгону үчүн гана тарифти көтөргөн жок. Бул энергетикадагы тешикти жамоого болгон аракет.
Профессор, өлкөнүн эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов жарыкка болгон тарифтин өзгөртүлүшүн колдойт.
— Мен электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керектигин дайыма айтып келгем. Бул тармакта өсүш болбой калды. Баары эле элдин нааразылыгынан коркуп, өзгөртпөй келишти. Башка мамлекеттерде тариф жыл сайын өзгөрүп турат. Бизде эмне себептен көп жылдан бери өзгөртүлгөн жок? Парламенттик шайлоонун алдында, президент шайланган жылы эл нааразылыкка чыкпасын деп тарифти көтөрө алышпайт. Убагында Бакиевдин уулу тарифти эки эсе көтөрүп жиберди эле, революция болуп кетти. Андан кийин президенттер коркуп калды. Кийин Отунбаева бийликке келгенде кайра эски тарифке кайтарды. Атамбаев 7 тыйын кошту. Ал деле коркок киши экен. Ошентип эптеп оокат кылып келе жатабыз. Ал эми электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар карыз болуп бүтүштү.
Өлкөдө кымбатчылык болуп турганда электр энергиясынын тарифи эки эсе көтөрүлгөнү чөнтөккө жакшы эле таасир этет. Энергетика тармагынын карызга батуусуна коррупциялык көрүнүштөр, сырттан келген грант, насыялардын желип кеткени да себеп.
Тарифтер боюнча кошумча маалымат:
— интернат тибиндеги балдар мекемелерине, майыптар /же улгайган жарандар үчүн социалдык-стационардык жана жарым стационардык мекемелерге электр энергиясына тарифти кВт/саатына 1 сом 68 тыйындан белгилөө сунуш кылынат;
— тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифти кВт/саатына 2 сом 38 тыйындан белгилөө сунуш кылынат;
— алтын кендери, куючу цехтер, майнинг (криптовалюта) сыяктуу энергияны көп талап кылган өнөр жайлык керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тиешелүү тарифтерге жогорулатылган коэффициент колдонуу сунуш кылынат.
2022-жылдан тарта инфляциянын деңгээлине жараша бардык керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясынын тарифтерине түзөтүүлөрдү киргизип туруу сунуш кылынат.