Биз менен байланышыңыз

«Уу коргошун, кумаркана окуялары — элди шайлоодогу мыйзам бузуулардан алаксытуу»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Апр 2021 | 1293 | 0

НДПК партиясынын шайлоодон четтетилиши, уу коргошундун коронавируска каршы колдонулушу, кумарканалардын киргизилиши сыяктуу маалыматтар коомчулуктун көңүлүн жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жана референдум убагындагы мыйзам бузуулардан башка нукка буруу максатында болуп жатат. Мындай пикирин БШКнын төрагасынын мурунку орун басары Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, добуш сатып алуу фактысы аныкталган соң, НДПКнын шайлоодон четтетилиши туура. Эки участоктогу мыйзам бузуу башка шайлоо тилкелерине кандай таасир этерин комиссия карап чыгышы керек.

НДПК менен кошо мыйзам бузууга шектелген башка партиялар да шайлоодон четтетилсе калыстык болмок.

«БШК президенттик аппараттын бир бөлүмү катары иштечү. Жыйын башталып жатканда да БШКнын мүчөлөрүнө бирөөлөр чалып, ошол жерден заматта жоголгон учурлар болгон. Көбүнчө мени четтетишип, жабык жыйын өткөрүшчү. Мамлекеттик орган так маалымат бере албаса, коррупциялык иштер болуп жатканынан кабар берет»- дейт Абдрахматова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM