Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Ала качуу фактысы боюнча 15 иш тергелип жатат

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 558 | 0

2020-жылы никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча 210 факты катталган. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин тармактык комитетинин 20-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Тергөөнүн жыйынтыгында эки иш башка иштер менен бир өндүрүшкө бириктирилген, он бир иш соттун кароосуна жиберилген, 182 материал өндүрүштөн кыскартылган. Учурда 15 иш боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.

«Көпчүлүк иштин кыскартылып кеткени чындык. Буга көп учурда ала качкандардын жашап алганы, арызынан баш тартканы себеп болууда. Ошондуктан ар кандай жүйөлөр менен ишти кыскартууга туура келет. Биз азыр ала качуу учурларына анализ жасап жатабыз. Айзаданын өлүмү ала качууларга терең көңүл буруп иш алып барышыбыз керек экенин көрсөттү», — дейт Башкы прокурор.

Зулушевдин маалыматына караганда, былтыр ички иштер органдарынын кызматкерлерине 400 сотко чейинки иш ачылган. Анын 14ү сотко жиберилген, 233ү өндүрүштөн кыскартылган, 196 иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөн. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталган.

Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүмү (шалаакылык) менен иш козгогон.

Тергөө ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгы жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM