Биз менен байланышыңыз

Зулушев эң көп коррупциялашкан мамлекеттик органдарды атады

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 1082 | 0

Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин тармактык комитетинде прокуратура органдарынын былтыр аткарган иштери тууралуу отчет берүүдө.

Зулушевдин айтымында, 2020-жылы Европа Коопсуздук Келишим Уюмунун эксперттик жардамы менен мамлекеттик органдарга талдоо жүргүзүлгөн.

Анда мамлекеттик органдардын жарандарга кызмат көрсөтүүлөрү, коррупциялык көрүнүштөр, ишеним телефондору, арыз-даттануулар, органдын кызматкерлерине ачылган кылмыш иштери жана башка критерийлер эске алынган.

Натыйжада коорупциялашкан мамлекеттик органдар деп төмөнкүлөр аныкталды:

-Мамлекеттик каттоо кызматы;

-Транспорт жана жолдор министрлиги;

-Ички иштер министрлиги;

-Билим берүү жана илим министрлиги;

-Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде (азыркы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги) коррупция көп деп табылды. Бул мекемелерде бир жыл ичинде 42 коррупциялык факты катталган.

«Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көп көрсөтүп, эл менен көп иштешет. Ошондуктан ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бул критерийлерге кирбей калган органдар да бар. Бүгүн жашыруун эмес, бардык органдар коррупциялык сазга баткан», — дейт Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети биргеликте угууда.

Copyright © 2017 Maral FM