Биз менен байланышыңыз

Соңку суткада 225 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам каза болду

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 558 | 0

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, Бишкекте – 117, Чүй облусунда – 82, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Нарын облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 173 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1236 бейтап, амбулатордук түрдө 1324 адам дарыланууда. 850 бейтаптын абалы орто оордукта, 308 адамдын абалы оор жана 49 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 229 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 557 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM