Биз менен байланышыңыз

Орусиянын аскер кызматчылары Кыргыз президентинин энчилүү сааты менен сыйланды

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 737 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин «Коопсуздук-2021» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар өттү.

Ага 2 миңден ашык адам тартылып, болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система колдонулуп, 10 учак, ошондой эле Орусия Коргоо министрлигинин №20022 аскердик бөлүгүнүн кызматкерлери да катышты.

Бардык катышуучулар жогорку күжүрмөн даярдыкты, ырааттуу координацияланган ишти жана сабаттуу жана чечкиндүү иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүштү.

Машыгуунун жыйынтыгында Орусиянын 11 аскер кызматчысы Кыргызстандын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында Коргоо министринин орун басары жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын катышуусунда өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM