Биз менен байланышыңыз

Министр: Коронавирус менен экинчи жолу ооруй башташты

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1323 | 0

Кыргызстанда коронавирус менен ооруп айыккандар быйыл кайра ооруп жатышат. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында кабарлады.

Министр ооруканадагы «кызыл зонада» жаткан оор абалдагы бейтаптар менен сүйлөшкөнүн, алар былтыр ооругандар экенин айтышкан. Бейшеналиевдин айтымында, вирусту экинчи жолу жуктуруп алгандар катуу ооруп жатат. Күндөн-күнгө өлүм саны да күчөп жатат. Бирок өлкөдө карантин киргизилбейт.

«Шайлоодон кийин коронавирус менен катталгандар көбөйөт. Себеби жарандар дарыгерлердин айткан сунуштамаларын эске албайт, социалдык аралык сакталбай, беткап режимин баары унутту. Оору күчөп жатат. Эгер бир күндө 50-60 учур катталып келген болсо, акыркы жолу 300 адамдан вирус чыкты. Эки ай мурда Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда ооругандардын саны бир ай, эки айлап жок болуп калган. Шайлоо өткөндөн кийин бардык облустарда каттала  баштады. Вирусту ташып жүрүүчүлөр арабызда жүрүшөт, аларда оорунун белгилери байкалбайт», — деди министр.

Кыргызстанда 16-апрелге карата дагы 230 адамдан коронавирус табылды. Жалпы өлкө боюнча 91 миң 374 адам коронавирус жуктурган. Акыркы суткада COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду, 130 адам коронавирустан айыкты.

Пандемия башталгандан бери 1 миң 544 адам каза болгон, 86 миң 621 киши айыгып чыккан.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1070 бейтап, үй шартында 1173 адам дарыланууда. 757 бейтаптын абалы орто оордукта, 248 адамдын абалы оор жана 35 бейтап өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM