Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк насыя төлөй албаган аялдарга көмөк көрсөтөт

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1117 | 0

15-апрелде Чүйдүн Пригородное айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратында бир топ аял насыянын үстөгүн төлөй албай калгандыктан өздөрүнө бензин чачып, өрттөөгө аракет кылышты. Алардын алдына Улуттук банктын өкүлү Мирлан Айтпасов барды.

Ал Улуттук банк өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган аялдар үчүн коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча уюштурууга даяр экенин билдирди.

Бир нече күн мурун Өкмөттүн коомдук кабылдамасында аппарат өкүлүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүлгөн. Анда насыя берүүгө байланыштуу бардык маселелер каралган.

«Жеке компаниялардан насыя алгандар да көп болгондуктан, биз алар менен сүйлөшүп, атайын аянтча түзүп берүү үчүн чараларды көрүп жатабыз. Жеке банктар болгону үчүн ар бир жаран менен жеке сүйлөшүүгө туура келет, юридикалык жактан болсо да жардам көрсөтөлү деп аракет кылып жатабыз», — деди Матмусаев.

Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөттүн имаратына кирип, өз талаптарын коюшкан. Окуя болгон жерде Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милициясынын жетекчилиги, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү да барган.

Аялдар бир нече жыл мурун насыя алып, бирок анын үстөгү жогору болгондуктан төлөй албай жатышканын айтышып, пайыздарын жокко чыгарууну же жеңилдик берүүнү өтүнүшүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM