Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов 20 млн сомдук батирин мамлекетке берди

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1194 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өз ыктыяры менен 20 миллион сомдон жогору турган батирин мамлекеттин бюджетине өткөрүп берди. Анын аянты 232,3 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 15-апрелде маалымат таратты.

Мекеме Матраимовго 2021-жылдын 18-февралында кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылганын кабарлады.

Сотко чейинки өндүрүш алкагында Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлкү бар же жогун аныктоо үчүн КМШ жана Европа өлкөлөрүнө, Кытайга, Түркияга жана Дубайга өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.

Бирок, УКМК билдиргендей, аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимовдордун чет мамлекеттерде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок болуп чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM