Биз менен байланышыңыз

Жаңы түзүлгөн Базар-Коргон шаардык кеңешине 267 талапкер катышууда

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1293 | 0

Жалал-Абад облусунда жаңыдан түзүлгөн Базар-Коргон шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Анда жалпы 31 мандат үчүн 267 талапкер катталган.

Ага беш партия ат салышып, шаардын 2269 шайлоочусу добуш бериши керек.

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда шайлоо өнөктүгү өз нугунда жүрүп, мыйзам бузуу катталган жок.

Базар-Коргон районунда 1 шаардык, 8 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Райондо жалпы 95 миң 961 шайлоочу бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM