Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда шайлоого байланыштуу 9 арыз түштү (видео)

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1286 | 0

Ош облусунда 11-апрель күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өткөрүүгө байланыштуу 515 шайлоо тилкесинде милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп турат.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Ош облусунун аймагында шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча 10-апрелге карата 9 арыз келип түшкөн.

Арыздарда негизинен административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алууга аракеттер жазылган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Шайлоо күнү облустун аймагында эки миңге жакын милиция жана элдик кошуундардын 500 мүчөсү коомдук тартипти көзөмөлдөөгө тартылган.

11-апрель күнү саат 14:00гө чейин шайлоого байланыштуу 3 маалымат келип түшкөн.

Андан сырткары 2 маалымат интернет аркылуу жарыяланган.

Ар бир маалымат көзөмөлгө алынып, тийиштүү кызматтар тарабынан иликтенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM