Биз менен байланышыңыз

Саат 14.00. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү 20%ды түздү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1494 | 0

Бүгүн 11-апрелде саат 14.00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 674 адам 419 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 20,33 пайызын түзөт.

Шаардык кеңештерге шайлоого 200 миң 367 адам добуш берди. Айылдык кеңештерге — 474 052 шайлоочу добушун берди.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат.

Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM