Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Менин да айта турган сөздөрүм бар (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 3151 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Сооронбай Жээнбеков шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төмөндөгүлөрдү белгиледи:

«Бүгүн — шайлоо күнү.  Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча – ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси – бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым», — деди ал.


Сооронбай Жээнбековдун айылдагы үйү (фото)


Ошону менен бирге коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалады.

«Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтыла турган сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да  жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Жеке мен тууралуу эмне дешсе да, көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби – ушул. Буйруса, сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүктөр болот», — деп жыйынтыктады экс-президент.

Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Президент Жээнбековдун урунттуу учурлары жана сөздөрү (фотобаян)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM