Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Добушканаларга 2,5 млн коргонуу каражаттары берилди

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1569 | 0

Кыргызстанда 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум коронавирус пандемиясы учурунда болуп жатат. Добуш берүү күнү шайлоочулардын саламаттыгын коргоо үчүн иш-чаралар планы бекитилген.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде кабарлады.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ал жерде иштеген операторлорго, өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө коргонуу каражаттары берилген.

Жалпысынан 2,5 миллиондон ашуун беткап, респиратор, антисептик, колкап, коргоо комбинезондору жана башка каражаттар берилген.

Добушканаларда медициналык кызматкерлер жана милиция кызматкерлери да иштеп жатат. Шайлоочулардын арасынан дене табы көтөрүлгөнү байкалса, кечки 18.00дөн кийин келип добуш берүү сунушталат. Алар үчүн ар бир шайлоо тилкесинде өзүнчө кабина коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM