Биз менен байланышыңыз

Айзаданы уурдап, өлтүрүүгө шектелген жаран мурда соттолгон

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1407 | 0

27 жаштагы кызды уурдоого шектелген жаран мурда жасаган кылмышы үчүн Орусияда соттолуп, 6,5 жыл түрмөдө жатып чыккан. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат жыйынында белгилүү болду.

2017-жылы Кыргызстанга келип, такси айдап жүргөн. Мурда батирде жашаса, акыркы 2 айдан бери унаасында уктап, унаасында жашап жүргөн.

Мурда үйлөнүп ажырашкан, 2 баланын атасы.

Буга чейинки кылмыш иштерине байланыштуу учурда Орусиянын тиешелүү кызматтары тарабынан текшерилип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM