Биз менен байланышыңыз

Милиция: Уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 4301 | 0

Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Окуя тууралуу милицияга 7-апрелде маалымат түшүп, жерине кызматкерлер барган.

Унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган.

Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз менен баланын ортосунда чыр чыккан. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM