Биз менен байланышыңыз

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу коло байге утту

Кыска кабар , Спорт | 7 Апр 2021 | 1740 | 0

Бишкекте өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатында кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу коло байге утту.

Спортчу 1/8 финалда түркмөн балбаны Хакберди Жумаевди, чейрек финалда олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, казакстандык Элдос Сметовду утуп, жарым финалда Кытайдын Тайбэйинин атлети Юнг Вэй Янгга жеңилген болчу.

60 килограмм салмакта күч сынашкан Айбек уулу коло байге үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди иппон ыкмасы (таза жеңиш) менен утуп, Кыргызстанга алгачкы медаль алып келди.

Бүгүн, 7-апрелде 73 килограмм жана 81 килограмм салмакта эркектер арасында таймаш жүрөт. Кыргызстандан Бексултан Султанов жана Владимир Золоев килемге чыгат.

Ал эми кыз-келиндерден 63 жана 70 килограмм салмактагы балбандар мелдешет. Анда 63 килограмм салмакта спортчу кыздар Ажар Исаева менен Айжан Кадырбекова өлкө намысын коргошот. Квалификациялык беттештер саат 10:00дө башталат. Ал эми 17:00дө финалдык кармаштар өтөт.

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты бүгүн, 6-апрелде старт алды. Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен спортчулар Олимпиада оюндарына рейтинг топтошот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM