Биз менен байланышыңыз

Унаанын айнегин караңгылатуу каржы каатчылыгын канчалык чечет?

Коом , Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1667 | 0

Өкмөт башчы Улукбек Марипов автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу боюнча сунуштарды даярдап жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул багытта бир топ талкуулар болгон. Мыйзам мамлекетке киреше алып келүү максатын көздөйт.

«Жакында биз токтом долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. Айрым өлкөлөрдө бул маселе мамлекетке киреше алып келүү максатында чечилген». 

Кыргызстанда унааларынын алдыңкы айнектерин караңгылатууга жогорку бийлик адамдарына жана атайын кызматтын өкүлдөрүнө гана уруксат берилип, калгандарына толук тыюу салынган.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Исхак Пирматов «тонировканы» мыйзамдаштыруу сунушун эки жыл мурун эле берген. Бекешев бул боюнча мыйзам долбоору да даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда ал мыйзам кабыл алынардан мурун терезеси караңгылатылган унаалардын маалымат базасы түзүлсө жакшы болмогун айтат.

«Муну ишке ашыруу үчүн алгач атайын маалымат база түзүлүшү керек. Маселен, «айнекти караңгылатууга уруксат берилгенби, анын акчасын төлөгөнбү?» деген сыяктуу маселелер МАИ кызматкерине маалым болгону жакшы. Экинчиден, кайсы компания сапаттуу жасайт, бул тизме да болушу керек. Бул башка мамлекеттерде деле бар да. Ким кааласа, чаптата берсин. Бул өтө деле терс таасирин тийгизбейт. Бирок түшкөн акча максатуу жумшалганы, маселен, эл аралык стандарттаны футбол стадионун курганга кеткени жакшы». 

Унаалардын айнегин караңгылатууга тыюу салуу демилгесин Ички иштер министрлиги көтөрүп чыккан. Алар мунун себебин алдыңкы жана каптал айнектерди караңгылатуу жол кырсыгына себепкер болот, ошондой эле кылмышкерлер же кылмыштуу буюм-тайымдарды алып жүрүүгө ыңгайлуу болот деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.

«Сафари» кыймылынын өкүлү, жарандык активист Болот Ибрагимовдун айтымында, унаалардын терезесин караңгылатууну мыйзамдаштыруу күткөн жыйынтык бербейт. Себеби кайра эле коррупциялык схемага айланып, карапайым калкка зыяны тиет.

«Бул реалдуу, жакшы демилге. Бирок азыркы биздин коррупциялык системада бул мыйзам иштебейт. Акчаны жөнөкөй эл төлөйт, байлар, милиция кызматкерлери, УКМК кызматкерлери төлөбөйт, күбөлүгүн көрсөтүп жүрө беришет. Тактап айтканда, карапайым айдоочу «тонировканы» уруксаты жок чаптатып алса, МАИ кызматкери акча иштеп калууга аракет жасайт. Бул мыйзамдан азыр карапайым эл эле кыйналат». 

Учурда Кыргызстанда унаанын арткы айнегин гана караңгылатууга жол берилип, каптал жана алдыңкы айнектер жарыктын кеминде 70 %ын салонго өткөрүшү керек.

Учурдагы мыйзам боюнча автоунаасынын айнегин караңгылатып жүргөн жеке айдоочуга 3 миң сом, юридикалык жакка 13 миң сом айып пул салынат.

Copyright © 2017 Maral FM