Биз менен байланышыңыз

Мандикер жалдоону жеңилдеткен талаштуу токтом күчүнө кирди

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1618 | 0

Кыргызстандын чек арадагы аймактарында коңшу өлкөнүн жарандарын мандикер катары жалдоону жеңилдеткен өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлады.

Аталган токтом чек арага танапташ эмгекчи-мигранттарды камсыздандыруу төгүмүн төлөөдөн бошотууну карайт. Жумуш издөө жана убактылуу эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргызстандын аймагына мезгил-мезгили менен кирип туруучу чектеш мамлекеттердин жарандарынын (Өзбекстан, Тажикстан) эмгек ишмердигин легалдаштырууга багытталган.

Өкмөттүн 12-марттагы токтомунун негизинде, чек ара аймактарында иштеген эмгек мигранттарына салык салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында Өкмөттүн «Ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын жарандары дыйканчылык, курулуш жана мал чарба сыяктуу кызматтарды көрсөткөн  коңшу өлкөнүн эмгек мигранттарын ыктыярдуу патенттин негизинде иштете алышат.

Кыргызстанга жеке эмгек ишин жүргүзүү максатында келген чек арадагы эмгек мигранттары үчүн визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт.

Буга чейин бир катар эксперттер мындай чечим өлкө ичиндеги жумушсуздукту арттырат деп сындаган болчу. Бул тураалу аналитикалык макала төмөндө тиркелген:

Мандикер жалдоону жеңилдеткен талаштуу мыйзам

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM