Биз менен байланышыңыз

Мандикер жалдоону жеңилдеткен талаштуу мыйзам

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда жумушсуздук күчөп турганда, коңшу мамлекеттин жарандарын көбүрөөк ишке тартууга ыңгайлуу шарт түзгөн мыйзам сунушталды. Адистер анын кооптуулугун кулак кагыш кылып айтып жатат.

Баткен шаарынын тургуну Бактияр Жолдошев өзү жашаган аймакта коңшу өлкөнүн жарандарын жалдап иштеткендер көп экенин айтып, жумушу жок жүргөн кыргызстандыктарга кейийт. Аларды Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмүн төлөөдөн бошотуу демилгесине каршы.

— Мен Баткендин тургуну болом. Бизге жакын болгон үчүн өзбек, тажик туугандар келип жалданып, иштешет. Бирок өзүбүздүн жумушу жок жүргөн кыргыз жарандары да көп. Алар иштейин десе, уруксат документи, патент, соцфондго камсыздандыруу төгүмү сыяктуу бир топ документ сурайт. Анан албетте иш бергендерге башка улуттун жаранын жумушка алган ыңгайлуу. Маселенин экинчи жагын кароо керек, өзүбүздүн мекендештер талаалап, мигрант болуп жүрүшөт. Келечекте Кыргызстанда башка улуттун өкүлдөрү көбөйүп кетпейби?

Бактияр Жолдошев айтып жаткан «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов тарабынан сунушталды. Анын 11-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Документ Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жалпы сессиясында биринчи окууда каралды.

Исхак Пирматовдун айтымында, мыйзам долбоору чектеш өлкөлөрдүн Кыргызстанга келип иштөөнү каалаган жарандарын камсыздандыруу төгүмүн төлөөдөн бошотууну көздөйт.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагына мезгил-мезгили менен кирип турууга, айрыкча, Өзбекстан, Тажикстандын жарандарынын эмгек ишмердигин легалдаштырууга багытталган.

Депутат буга чейин эмгек мигранттарына патент төлөтүү мыйзамы кабыл алынганын, ага ылайык, өкмөт патенттин суммасын 800 сом деп бекиткенин айтат. Бирок мыйзамдарга ылайык, патентке кошо Социалдык фондго да төлөө керек. Аны кошкондо орто эсеп менен 1300 сом болот. Мындан улам, Кыргызстан аларга пенсия төлөбөгөндөн кийин Соцфондго төлөнө турган сумманы алып салууну туура көрүүдө. Ошондо Өзбекстан, Тажикстандын жарандары мигрант катары Кыргызстанга келип, айына 800 сомго патент алып иштеп калат.

— Мындан 8 ай мурун, тагыраагы, 2020-жылы 26-июнда мен иштеп чыккан мыйзам долбоору күчүнө кирген. Ал Тышкы миграция тууралуу, Өзбекстан менен Тажикстандын Кыргызстанга чектеш аймактарынан келген эмгек мигранттарын патент алууга милдеттендирүү боюнча болчу. Бирок бул мыйзам бүгүнкү күнгө чейин иштебей жатат. Биз патентке 500 сом коюп бергиле деп сунуштаганбыз, өкмөт 800 сом деп белгилеген. Мен айтып жаткан мыйзамдын 4-беренесинде так жазылган, өкмөт эки айлык мөөнөттө чек арага танапташ өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп, парламенттин кароосуна киргизиши керек эле. Муну алар аткарган жок, мен өзүм алып келдим.

Кыргызстан чет мамлекеттин жарандарына, тагыраагы, Өзбекстан менен Тажикстандын жалданып иштеген жарандарына пенсия төлөбөйт. Тилекке каршы, биздин Салык кодексибизге ылайык, эмгек мигранттарына патент берерде аны менен кошо сөзсүз социладык камсыздандыруу полисин да сатабыз. Эртеңки күнү Өзбекстандан келип биздин талааларда, кафелерде, курулуштарда иштеп жаткан жумушчуларга патентти 800 сомго сатса, ага кошо социалдык камсыздандыруу полисин 500 сомго берсе, бул 1300 сомго чыгат. Жумушчу 1300 сом төлөгөндөн көрө, аймактык милиция менен келишип, 500 сом менен кутулуп кетип жатат. Ошол үчүн биз 500 эле сом деп сунуштаганбыз.

Жалпак тил менен айтканда, биз бул мыйзамды кабыл алсак, кыргыз жарандарын ишке алууда мурункудай эле камсыздандыруу полиси менен бирге патент сатылат. Ал эми сырттан, Өзбекстан менен Тажикстандан 60 күнгө кирген мигранттарды иштетүүдө патент гана сатып, социалдык камсыздандыруу полисин төлөөдөн бошотуп жатабыз. 

Ал эми өкмөт бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ар кандай тобокелчиликтер бар экенин айтууда. Ошол себептен «Максатка ылайыксыз» деген корутунду да чыгарып, 333-токтому менен бекиткен. Ал корутундуда жогоруда айтылган мыйзам долбоорунун тобокелчиликтери жазылган.

Кыргызстандын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанованын айтымында, чет өлкөдөн эмгек мигрантын алып келип, убактылуу иштетүүнү каалаган жумуш берүүчүлөргө артыкчылык берилген. Алар чет өлкөлүктү иштеткени үчүн пенсиялык фондго ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө төгүм төлөшөт. Бул орто эсеп менен 517 сомду түзүп калат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, мигранттар бул акчаны төлөөдөн да кутулушат.

Эгер юридикалык жактар кыргызстандык жаранды иштетсе, 5 миң сомдун тегерегинде төлөшөт.

— Биз өзүбүздүн жарандардын укуктарын да коргошубуз керек. Конституция боюнча, жарандарыбыз улгайганда, ооруп же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, бага турган жакындары болбогон учурда мыйзамда каралган тартипте социалдык жактан колдоо алууга, бош жумуш орундарын ээлөөгө укугу бар. Ички эмгек рыногун чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдүн агымынан коргоо, өз жарандарыбыздын иш менен камсыздоо керек. Биз мунун баарын эске алып, мыйзам долбоорун «максатка ылайыксыз» деп корутунду чыгарганбыз, ал корутундуда башка өлкөлөрдүн мисалдары келтирилген.

Мыйзам кабыл алынып калса, жумуш берүүчүлөр чектеш өлкөлөрдөн келген мигранттарды жалдоону жеке кызыкчылыгына пайдаланат. Себеби Кыргызстандын жарандарын иштетсе, кайсы бир пайызда аларга да социалдык төлөм төлөйт, бул ишканалар үчүн пайдалуу эмес. 

Чек арага танапташ эмгек мигранты деген түшүнүк 2020-жылы «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамга киргизилген. Бул чектеш мамлекетте өзүнүн туруктуу жашаган жери бар, Кыргызстанга визасыз режим менен кирүүгө уруксат берилген мамлекеттен жеке ишин кылуу үчүн мезгил-мезгили менен кирип турган жарандар.

Кыргызстанга чектеш, визасыз кире алган өлкөлөр булар – Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан. Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күн жүрө алышат, казакстандыктар 90 күн жүрөт. Бул мамлекеттердин жарандарын юридикалык жактар жана жеке ишкерлер жалдап иштете албайт, жеке тараптар гана жалдай алат.

Бирок «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, бардык тышкы өлкөдөн келген мигранттарды төлөмдөрдөн бошотуу талабын койгондор пайда болот деген тобокелчилик бар.

Ишкерлердин айтымында, жалданма жумушчулар көбүнчө Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында талап кылынат.

Ал кандай ишке ашат?

Бир бригада чыгып, жумушчуларды алып келет, социалдык төлөм да, патентке да төлөбөйт, болгону участкалык милиция менен жең ичинен келишип алат.

JIA бизнес ассоциациясынын Баткендеги филиалынын аткаруучу директору Шералы Касымалиев коңшу мамлекеттерден мандикер алып келүү (жалданып иштегендер) кандай ишке ашарын айтып берди.

— Мен башка ишкерлерден көрүп жүргөнүмдү айтсам, мисалы, Өзбекстандан бир ашпозчуну жалдап келишет, кафе иштеткен жаран менен сүйлөшүп, эч кандай камсыздандыруу төгүмү төлөнбөйт. Себеби бул салыкчылар менен ишкердин ортосундагы мамиле, акча сол чөнтөккө кетет. 

Мен 10-15 ишкерден көрдүм, коңшу мамлекеттен усталарды алып келет. Булар үйдү убагында салат, акчасын алат, арзан иштейт, участковый келип калса, ага 2 миң сом берилет. Эми мигранттарды камсыздандыруу төгүм төлөдөн мыйзам аркылуу бошотуп койсо, бизде жумушсуздук күчөйт. 

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча пандемия учурунда 60 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Өлкө аларды жумуш менен камсыз кылууга чамасы жетпеген үчүн кайра кетүү аракетин көрүшүүдө. Бирок жакынкы Орусияга эле билеттин баасы кымбат болгондуктан түйшүк тартып жаткандар четтен чыгат.

2019-жылдын эсеби боюнча, Кыргызстанда жумушсуздардын саны 94 миң адамды түзөт. Тактап айтканда, эмгекке жарамдуу калктын болжолдуу 7 пайызы жумушсуз.

Чет жакка чыгып кетип жаткан мигранттардын 80 пайызын элеттин тургундары түзөт.

Марипов: Бир айда 5600 сомго жашаса болот, бирок кыйын

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиеванын пикиринде, бул мыйзам долбоору кыска убакытка пайдасын бериши мүмкүн, бирок келечекте бир топ залакасын тийгизет.

— Бул мыйзамдын негизги концепциясы мындай болчу, эмгекке жарамдуу калктын басымдуу бөлүгү Орусияга кетип калган үчүн кайсы бир деңгээлде жумуш орундары бош калган. Ошону жабуу үчүн чектеш мамлекеттердин жарандары келип, патент менен сезондук иштерде иштесин деген максат болчу.

Мен кесиптешим сунуштаган мыйзамга каршылыгымды билдиргем, эмне себептен экенин түшүндүрүп берейин:

Мыйзамда чектеш мамлекеттердин жарандары деп жазылганы менен оозеки түрдө Өзбекстан жана Тажикстан гана айтылып жатат. Кыргызстанга чектеш мамлекеттер — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай кирет, муну жазуу түрүндө киргизүү керек. 

Экинчиден, чектеш райондордо көбүнчө кара жумушка коңшу өлкөнүн тургундары иштетилет. Бирок мен бир топ Whatsapp группаларда бармын, ошол жактан укканым боюнча айтсам, пандемияда мекенге кайткан журтташтар ошол эле кара жумуштарга кире албай даттанышат. Себеби кыргыздарга караганда өзбек менен тажик тургундар 3-4 эсе арзан иштеген үчүн алар жумушка алынат экен. Жумуш берүүчү биздикилерге 1000 сом төлөсө, башка улуттун мигранттарына 300 сом төлөйт экен. Ошондуктан биз өзүбүздө жумушсуздар көп болсо да, башка улуттун жумушчуларын тартууга шарт түзүп жатабыз.

Демилгечилер кыска убакытта сезиле турган пайданы ойлоп, жакшы эле ниет менен сунуштап жатса керек, бирок мындан бир топ жылдан кийин башка улуттун өкүлдөрү Кыргызстанда көбөйүп кетиши, биздин жарандар мигрант болуп кетүү коркунучу бар. 

Президент Садыр Жапаров кызматына расмий киришип жаткан күнү миңдеген мигрант-мекендештерди кайтарып келүүнү президент катары милдети деп эсептей турганын жар салган.

Ал күн-түн дебей күч үрөп иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоого убада берген.

Президент Садыр Жапаровдун инаугурациядагы кайрылуусу (толук текст)

Copyright © 2017 Maral FM