Биз менен байланышыңыз

7 унаа менен күйүп кеткен тралдын айдоочусу жардам сурайт (видео)

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 3507 | 0

Чет өлкөдөн трал менен унаа ташып келе жаткан айдоочу өрт кырсыгына кабылды. Бул тууралуу айдоочу Белек Аттокуров билдирди.

Өрттөнүп кеткен унаалардын чыгымы 65 миң долларды түзүүдө.

Айдоочу Орусиядан «Хонда Фит», «Хонда Стэпвагон», «Тойота Альфард» жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааларды ташып келе жаткан.

Өткөн ишемби күнү түн жарымда Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Күн-Туу айылына жакын жерде жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Кырсык болгон жерге 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, тилсиз жоо 2 саатта өчүрүлгөн.

Айдоочуларга көмөк кылуу максатында элден жардам суроо сунушун жүк ташып иштеген Бактияр Жалгашев киргизген.

Учурда каражат топтоло баштады.

Жардам берем дегендер төмөнкү телефон номерлерге байланышса болот:

«Элсом»: 0704 54 64 88  жана «Сбербанк»: 5469550037531370

Copyright © 2017 Maral FM