Биз менен байланышыңыз

Мурдагы вице-мэр жана УКМКнын кызматкери 2 айга камалды

Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1584 | 0

Бишкетин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук бөлүмүнүн жетекчиси №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, алардын баш коргоо чарасы 2-апрелде тандалып, 31-майга чейин камоо чечими чыккан.

Кызмат адамдары мыйзамсыз байыган жана Бишкектеги кымбат баалуу жер тилкелерди колдонууга берүүдө коррупциялык ишке барган деген шек менен 1-апрелде кармалган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, жогорку кызматтагы адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка кызматтагылар менен бирге Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине басым жасаган. Шектүүлөр жер тилкелерин өздөрүнүн тааныш жактарына мыйзамсыз каттатууга мажбур кылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM