Биз менен байланышыңыз

«Өткөндөн сабак албаптырбыз». Шеримкулов «Жерүй» боюнча оюн айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Мар 2021 | 10063 | 0

«Аскар Акаев баш болгон президенттердин бардыгы тең «Кумтөр» боюнча канча маселе көтөрбөсүн, аягына чыккан жок. Алардын кабыл алган элге зыяндуу чечимдери өздөрүнүн тагдырына жакшылык алып келген жок. Бүгүнкү бийлигибиз Кыргызстанда алтындын көлөмү боюнча экинчи орунда турган «Жерүйдү» оңой эле берип койгонуна келгенде, мен таң калып отурам». Мындай пикирин Кыргызстандын легендарлуу парламентинин төрагасы Медеткан Шеримкулов билдирип, «Жерүй» алтын кенин чет өлкөлүк инвесторго берүүдө өткөндөн сабак алынбаганын айтты.

«Биз эч бир кемчилигибизден жыйынтык жасаганга көнбөптүрбүз. Эмне үчүн «Жерүй» ушунчалык жеңил кетип калды? Буга болгондо да Орус президентин аралаштырып туруп, эми бир нерсе болсо «Путин катышып, батасын берди го?» деп айтышыңар мүмкүн. Ооба, Путин дүйнөлүк масштабдагы орду бар лидер. Кыргызстандыктардын ага болгон сыйы да өтө жогору. Орус элине караганда, Путинди көбүрөөк сыйлаган же идеал туткан адамдар бар. Бирок Путиндин «Жерүй» кенинин ачылышына катышуусу элди манипуляциялоо үчүн колдонулгандай болуп жатат. Путиндин комбинаттын ачылышына катышканы менен «Жерүйдөгү» түзүлгөн келишим, Кыргызстандын ала турган үлүшү — эки башка карала турган нерсе. Бул жерде мамлекеттин бир да пайыз үлүшү жок экени — ойлондура турган маселе», — деди Медеткан Шеримкулов.

Бүгүн 30-мартта ал экс-депутат Кубаныбек Исабековдун «Кумтөр» — Акталбаган үмүттөр» аттуу жаңы китебинин бет ачарына катышып, өлкөдөгү кендердин мамлекеттин кызыкчылыгына иштебей жатканын билдирди.

«Жерүй»: Мамлекеттин үлүшсүз калуусу кайрадан талкууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM