Биз менен байланышыңыз

Өздөрүн милиционер деп тааныштырып, пара талап кылгандар кармалды

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 949 | 0

Өздөрүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, Сокулук районунун жашоочусунан акча талап кылган эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу адамдар Сокулук районунун тургунунан 5 миң доллар талап кылышкан. Шектүүлөр 26-мартта 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Алар буга чейин да арыз жазган адамдан 190 миң сом жана 1000 доллар алганы белгилүү болгон. Колго түшкөндөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM