Биз менен байланышыңыз

Ташкенттеги марафондо Кыргызстандын жөө күлүктөрү 5 медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 29 Мар 2021 | 1425 | 0

28-мартта Ташкент шаарында өткөн эл аралык марафондо Кыргызстандын жөө күлүктөрү эки алтын, бир күмүш, бир коло медаль алды.

Кыз-келиндер арасында толук марафонго катышкан Мария Коробицкая  42 км 195 метр аралыкты 2 саат 36 мүнөттө чуркап өтүп, биринчи келсе, ушул эле аралыкты эркектер арасында 2 саат 16 мүнөттө чуркап өткөн Илья Тяпкин экинчи келди.

Ал эми 21,1 км жарым марафонго кыз-келиндер арасында катышкан Дарья Маслова биринчи орунду, Гүлшан Сатарова үчүнчү орунду ээледи.

Үчүнчү эл аралык марафон бүгүн, 28-мартта Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM