Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычынын жээгинде адам сөөктөрү көрүндү (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 694 | 0

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, жээкке адамдын сөөктөрү чыгып калып жатат. Бул тууралуу жергиликтүүлөр кабарлап, социалдык тармактын колдонуучулары да сүрөт жарыялашты.

Алдын ала айтылгандарга караганда, Сак доорунда ондогон айыл суу астында калган. Бул сөөктөр ошол доорго тиешелүү болушу мүмкүн.

“Электр станциялары” ишканасынын 26-марттагы маалыматы боюнча, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 770 млн куб метрди түзөт.

Төмөндө Гамал Сооронкулов жарыялаган сүрөттөр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM