Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министринин эки орун басары дайындалды

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 1150 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы дайындалган орун басарлар 25-мартта эмгек жамаатына тааныштырылган.

Алардын бири Улук-Бек Бектурганов 46 жашта. Ал буга чейин Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жетекчилик кызматтарда иштеген. Ошондой эле Ысык-Атадагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери кызматын аркалап турган.

Ал эми 61 жаштагы Жалалидин Рахматуллаев Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башчысы болчу. Мындан сырткары, аталган шаардын вице-мэри болгон.

Буга чейин, 25-мартта министрдин эки орун басары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM