Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы дайындалган орун басарлар 25-мартта эмгек жамаатына тааныштырылган.
Алардын бири Улук-Бек Бектурганов 46 жашта. Ал буга чейин Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жетекчилик кызматтарда иштеген. Ошондой эле Ысык-Атадагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери кызматын аркалап турган.
Ал эми 61 жаштагы Жалалидин Рахматуллаев Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башчысы болчу. Мындан сырткары, аталган шаардын вице-мэри болгон.
Буга чейин, 25-мартта министрдин эки орун басары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан алынган.