Биз менен байланышыңыз

Жапаров мамлекеттик банктардын жетекчилерин кабыл алды

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 593 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта «Айыл Банк», «РСК Банк» жана «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомдорунун башкармалыктарынын төрагалары Улан Букабаев, Азизбек Оморкулов жана Малик Абакировду кабыл алды.

Алар 2020-жылда долбоорлорду каржылоого жана жеңилдетилген насыяларга бөлүнгөн каражаттардын көлөмү тууралуу маалымат беришти.

2020-жылы «Айыл Банк» тарабынан 12,8 миллиард сомго 52 миң 43 насыя берилген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 779 миллион сомго көп. Анын ичинен 10,3 млрд сом облустардагы долбоорлорду каржылоого багытталган.

«РСК Банк» былтыр 11,6 миллиард сомго 10 миң 600 насыя берген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго көп. Аймактарда берилген насыялардын үлүшү жогорулап, 9 миң 206ны же жалпы кредиттердин 86%ын түзгөн.

2020-жылы «Кепилдик фонду» тарабынан 1 миллиард сомдон ашык суммага 1865 кепилдик берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 101 миллион сомго көп болду.

Маалыматка караганда, каржылоонун көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорго жумшалган.

Президент Садыр Жапаров былтыр өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор кырдаалга карабастан, банк системасында салыштырмалуу туруктуулук байкалганын белгиледи.

Ошол эле учурда өнөр жай тармагына азыраак насыя бөлүнгөнүн, насыяларды бирдей бөлүштүрүүнү тапшырып, аймактардагы ишкерлерге берилген кепилдиктер азайганын белгиледи.

Жапаров 2021-жылдын 8-февралында жарыяланган «Финансы рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, финансы рыногун санариптештирүү процессин тездетүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM