Биз менен байланышыңыз

Жапаров тышкы карыз төлөнбөсө, кайсы объектилер берилип кетерин айтты

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 3102 | 0

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна маек куруп жатып, тышкы карыз тууралуу суроолорго жооп берди. Журналист Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө, кайсы объектилер берилип кетерин сурады.

Садыр Жапаровдун айтканына караганда, эгер Кыргызстан алган карызын убагында кайтара албаса, бир топ объектинин башкаруусу ошол мамлекетке өтүп кетет. Алар — Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жолу, «Датка-Кемин» электр чубалгысы.

— Мисалы, мамлекет менен мамлекеттин ортосунда келишим түзүлөт. «Төлөй албай калсаң же бир күн кечиктирсең, анда мобул долбоорду мен алам» деп келишим түзүшөт. Мисалы, ЖЭБ, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, «Датка-Кемин». Ушуларга алганбыз да ушунун баарын (ред: карыздын). Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калган. Бул объектилер жетпесе, башкасын деле алганга укуктары бар. Эми бул жерде мурдагы бийлик ушундай деп кол коюп койгон экен. Келишимди кичине башкачараак түзсө болмок, жумшагыраак кылып. Бирок биз карызды убак-убагы менен төлөп берип жатабыз. Мына 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн доллар төлөшүбүз керек болчу, аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ары жак-бери жактан кылып жатып төлөп бердик. Эми быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар.

Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд 928,67 млн долларды түзөт. Мунун ичинен 4 млрд 220,31 млн доллары тышкы карыз, 708,36 млн доллар ички карыз. Эң көп карыз Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.

Президент Садыр Жапаров быйыл февраль айында жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, тышкы карыз төлөнбөй калса бир топ объектилерден айрылып калуу коркунучу бар экенин эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM